
* Мындан 211 жыл мурун, 1803-жылы америкалык дарыгер, муздаткычты ойлоп тапкан
Жон Горри туулган. Ал АКШнын Флорида штатындагы Апалачикола шаарында ооруканада иштеп, тропикалык ооруларды изилдеген. Флоридада аба ырайы ысык болгондуктан, оорулардын түрлөрү көп болгон. Ошондон улам Жон Горри абаны муздата турган агрегат ойлоп табууга белсенген. 1851-жылы муз жасай турган машина ойлоп таап, ага патент алган. Мына ошол машинанын негизинде кадимки муздаткыч пайда болгон.

* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы “Sony” компаниясынын негиздөөчүсү, теги япон
Акио Морита 78 жашында көз жумган. Морита музыкага жакын болгондуктан, компаниянын атын “Sony” деп атоону чечкен. “Sony” – латын сөзү, бизче “үн” дегенди билдирет. Моританын аракетчилдигинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасында компаниянын продукциялары АКШда кеңири тарайт. Ал гана эмес, АКШдагы тиричилик техникасын чыгарган “Техас Инструмент”, “Женерал Электрик” жана “Уэстингхаус” сыяктуу эң алдынкы компанияларды басып өтөт. “Sony” компаниясы радио, видеомагнитофон, телевизор, фотоаппарат жана башка техникаларды чыгарып, бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта алдынкы орунду ээлеп келет.

* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында толкунга арналган айкел тургузулуп, ал кыймылдап туруучу касиетке ээ болгон. Анын узундугу 35,5 метр, салмагы 20 тоннадан ашып, Европадагы кыймылдап туруучу эң ири айкел деп табылган. Шамал убагында 6 метр аралыкка чейин жылган айкел кайра баштапкы ордуна келип калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында сот атактуу ырчы
Майкл Жексондун өлүмүнө промоутердик компаниянын тиешеси жок деп тапкан. Ырчынын туугандары "AEG Live" компаниясын Жексондун өлүмүнө күнөөлөп, сотко кайрылган. Алардын айтымында, Жексондун жеке дарыгери Конрад Мюррейди ырчыга дал ушул компания жалдап берген. 12 адамдан турган сот арачылары "AEG Live" компаниясы Мюррейди жалдап бергенин тастыктап, бирок алардын кадамында мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыгарган.