ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө 23-январда көп кабаттуу үйдүн алдынан бычактан жаракат алган адам табылып, бирок ал ооруканага жетпей каза болгон. Кылмыш болгон жерге келген ыкчам иликтөө тобу бул жаран 1994-жылы туулган Талас шаарынын тургуну экенин аныктаган. Окуя болгон жерден алыс эмес аралыктан кан болгон бычак табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле шаардын жашы жете элек тургуну шектүү катары кармалды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кылмыш уруштун айынан келип чыккан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.