Жалал-Абад шаарында 64 жаштагы пенсионер айым милиция кызматкерлерине Калашников автоматын тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Аталган жарандын айтымында, автомат анын 2013-жылы каза болгон 1982-жылы туулган баласына тиешелүү болгон.
“Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө автомат Апрель жана Июнь окуяларында жоголуп, уурдалганы аныкталган. Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрдүн биринин балансында болгон” деп жазылат ИИМдин маалыматында.