Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагындагы Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 90 орунга ылайыкташтырылып курула баштаган балдар бакчасынын курулуш долбоору 20 миллион 900 миң сомду түзөт. Ал каражаттын 8,5 миллион сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калганы Ош шаардык кеңешинин депутаты тарабынан каржыланат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, бала бакча курулчу аянтты да айылдын тургуну өз ыктыяры менен берген.