Кечээ, 2-октябрь күнү Ош шаарында өрт кырсыгы катталып, “Дархан” чайканасынын 900 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
“Өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 19:50 чамасында келип түшкөн. Анда “Дархан” чайканасынын күйүп жатканы айтылган. Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат түнкү 02:45те толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен чайкананын жыгач устундуу 900 чарчы метр чатыры күйүп кеткен” деп жазылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.