Камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши сотто кайра каралышы керек. Бул тууралуу "Freedom House" эл аралык укук коргоо уюмунун отчётунда айтылганы 25-ноябрда белгилүү болду. Отчётто Кыргызстанда соттор дагы эле көз каранды, кылмыш жообуна тартуу калыс эмес жана коррупция жайылган бойдон экени айтылат. "Азимжан Аскаров да одоно мыйзам бузуулар менен соттолгон" деп жазылган. Жалал-Абад облусундагы өзбек улутундагы укук коргоочу Аскаров 2010-жылдын июнь окуясында милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан, баш аламандык уюштуруп, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө үндөгөн деген айыптар менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган болчу.