Бишкекте 24 жаштагы жаран таанышы тарабынан бычакталып каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор калаадагы ооруканалардын бирине бычактан бир нече ирет жараат алган 24 жаштагы А.А. аттуу тургун келип түшкөн. Ооруканага аны Нуриель аттуу таанышы алып келген. Дарыгерлердин аракетине карабай 24 жаштагы А.А. ооруканада өзүнө келбей каза тапкан. Бул тууралуу милицияга кабарланып, иликтөөдө каза болгон А.А. өзүнүн Жаныбек жана Нуриель аттуу тааныштары менен арак ичип отурушуп уруша кеткенде Жаныбек аны бир нече ирет бычак менен сайып качып кеткени аныкталган.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.