Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаажол” көзөмөл өткөрүү бекетинин иштөө мөөнөтү 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин аталган көзөмөл өткөрүү бекети май айында ачылып, 1-октябрга чейин иш жүргүзүп келчү. Мында казак тараптын өтүнүчү менен ноябрга чейин узартылган.