Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2-октябрь күнү саат 23:40 чамасында катталган. Анда Ауди С4 унаасы Нива үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.