Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол долбоорунун баасы 3,5 миллиард доллар

ЖКдагы «Республика» фракциясы бүгүнкү жыйынында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча сунушталгандан башка да долбоорлорду карап чыгуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга Иран, Түркия, Араб өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берет жана анын техникалык-экономикалык негиздери даярдалып, ушул айдын аягында талкууга коюлат. Долбоордун баасы азыркы эсеп менен 3,5 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда жана анын көп бөлүгүн алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча Кытай тарап көтөрмөкчү. Бирок тараптар сунушталып жаткан 3 багыттагы маршруттун кайсынысын тандоо боюнча бирдиктүү чечимге азырынча келе элек. Ушундан улам «Республика» фракциясынын депутаттары макулдашууга чейин жол салынчу аймак жана башка жагдайлар илимий жактан иликтенип, башка долбоорлор да каралсын деген талапты коюшту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан