Бишкектеги Ленин райондук администрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 3-октябрда билдиришти.
Чүй ОИИББинин 5-башкы башкармалыгына Ленин райондук администрациясынын кызматкери пара талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тактап айтканда, соода-сатык менен алектенүүгө уруксат берүү үчүн аталган мекеменин кызматкери ишкерден 14 миң сом талап кылган. Кийин ал жогоруда айтылган сумманы алып жаткан жеринен кармалды. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.