Аламүдүн районунун тургуну казакстандык айымды коркутуп тоногондугун мойнуна алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө казакстандык 30 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар коркутуу жолу менен 270 миң теңге, "Самсунг" уюлдук телефонун алып кетишкендигин билдирген. Аз өтпөй аталган кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Эне-Сай конушунун тургуну кармалган. Иликтөөдө кармалган жаран толугу менен күнөөсүн мойнуна алды.