Депутат Урмат Аманбаева кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн айлыгынан акча бөлүп бере турганын айтты

Депутаттык айлыгын кыргыз тилин өнүктүрүү багытындагы жакшы иштерге которо тургандыгын Урмат Аманбаева маалымдады. Маалымдалгандай, «Google» издөө тармагына кыргыз сөздүгүн киргизүү үчүн 30 миң доллар каражат сарпталат. Ал эми бул багытта иш алып барган «ИСОК» коомдук фонду депутат Урмат Аманбаевага кайрылып, каражат жактан көмөктөшүүнү суранган. Алардын демилгесин колдогон Урмат Аманбаева акчалуу аткаминерлерди кыргыз тилин колдоого, каржылоого чакыра турганын билдирип, үлгү катары өзүнүн депутаттык айлыгынан акча бөлүп бере турганын айтты. «Көп түкүрсө көл болот" деген жакшы кеп бар. Биздин мекенчил уул-кыздарыбыз көп, кыргыз тилине салымын кошот деп ишенем»,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан