Баткенде чек арачылар артиллериялык ок табышты

Бүгүн, 3-октябрда Баткен облусунда чек арачылар артиллериялык ок табышты. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Айдаркен" чек ара кошуунунун чек арачылары Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районундагы Божой айылынан анча алыс эмес жайгашкан Согот капчыгайындагы Жаңы-Арык жергесинде чалгындоо-издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө 125 миллиметрлик эки даана артиллериялык ок табышкан.

Артиллериялык октор табылган жерди чек арачылар курчоого алышкан. Азыркы тапта ал жерде ыкчам топ иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан