Кара-Буура районунун тургуну "23 уйду уурдап, коңшу Казакстанга сатып жиберген" деп шектелүүдө

Кара-Буура районунун тургуну "23 уйду уурдап кеткен" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 3-октябрда кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-августунда Кара-Буурадагы Көк-Сай айылындагы Суулуу-Арыбек жайытынан белгисиз жарандар жергиликтүү тургунга тиешелүү болгон 23 уйду уурдап качышкан. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарланып, иликтөө иштери башталган.

Жакынкы аралыкта аталган кылмышка шектүү катары ошол эле Көк-Сай айылынын 47 жаштагы тургуну, мурда соттолгон Б.С. кармалды. Иликтөөдө кылмышкерлер уйларды коңшу Казакстанга алып барып, 1 миллион теңгеге сатып жиберишкени маалым болду. Мындан тышкары шектүү катары кармалган жарандын үйүн тинтүүдө 12 килограммдан ашык марихуана табылган. Учурда шектүү адам камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asan_aksy
2014-10-04 16:38:18
мал кылыштан деле коркуп калдык мал кылсан урдап кетсе .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан