Бишкекте атактуу инсандардын портреттери жана айкелдери "Бейне" аталышындагы көргөзмөдө орун алды

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында таланттуу сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эстрада ырчыларынын жана белгилүү инсандардын портреттери, скульптуралары орун алган көргөзмөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева, сүрөтчүлөр, атактуу инсандар, көрүүчүлөр катышышты.

Көргөзмөгө атактуу инсандардын: Муратбек Бегалиев, Болот Шамшиев, Садык Шер-Нияз, Каныкей Эралиева, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Күмөндөр Абылов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Курмангазы Азыкбаев, Нурайым Азыкбаева, Ассоль Молдокматова, Асема, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Анжелика, Асел Касымова, Нэна, Каныкей, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Замир Арыкбаев, Нурзат Токтосунова, Анжелика, Эрнест Абдыжапаров, Чыңгыз Мамаев жана башкалардын портреттери жана скульптуралары коюлду.

Долбоордун үстүндө Байзак Алыбаев, Айып Алакунов, Максат Моңолдоров, Бахрам Темиров, Нурбек Матаев, Жакшыбек Жунушев, Нурлан Осмонов, Алмаз Шаршекеев, Адис Татиев, Замир Илипов, Кубанычбек уулу Амантур, Камчыбек Кайыпов, Чыңгыз Ормонбеков, Урмат Чоюбеков, Жылдызбек Алышбаев, Нурлан Кебек уулу, Толкунбек Эсеналиев, Арзымат Жороев өңдүү 18 жаш сүрөтчү иш алып барышкан. Алар 8 ай бою күнү-түнү эмгектенишкен.  

Сүрөтчүлөрдү таанытууга багытталган “Бейне” аталышындагы сүрөтчүлөр долбоорун ишке ашырган журналист Тынчтыкбек Кожобеков: “Менин максатым кыргызстандык атуулдардын баары музейге келип, ырчылардан сүрөтчүлөр атактуу боло баштаганда гана ишке ашат. Бул долбоор ошол максатка ташталган биринчи кадам. Бүгүнкү иш-чара мага жакты. Ушунча эл келет деп күткөн эмесмин. Үй-бүлөмдүн кичине бөлүгүн долбоорго салдым, айрым адамдар 500-1000 сом берип колдоп беришти. Мындайча айтканда, бул дүйнөдө акчасыз бир нерсе кылса болорун сүрөтчүлөр далилдешти”,- дейт.

Куудул Күмөндөр Абылов: “Келечек муундар үчүн, бейнеси түшүп жаткан адамдар үчүн, жеке кыргыз эли үчүн жакшы иш болуп жатат. Мындай иш-чара мурда эле уюштурулушу керек эле. Азыр таланттуу сүрөтчүлөрүбүздүн күчтүү чыгармалары башка мамлекетке кетип жатканы өкүндүрөт. Ошонун баары биздин музейлерде калса жакшы болмок. Негизи, искусство элге таандык демекчи, эл үчүн кызмат кылган адамдардын сүрөттөрү музейде, көргөзмөдө турганы жакшы саамалык. Мага өзүмдүн портретим купулума толду, тирүү көз караш болуптур”,- деген оюн билдирди.

Бул саамалыкка келген ырчы Нэна: “Кандай гана болбосун, бул чоң эмгек. Адил байкенин тартканы жакты. Сүрөтүм бир аз окшошпой калды деп ойлойм, анткени өзүмдү сулуу сезген жаным сүрөттөн толук көрүнгөндөй сезилип жатам. Анткен менен сүрөтчүнүн өзүнүн көз карашы бар да. Жалпысынан көргөзмөгө коюлган эмгектер жогорку деңгээлде жаралыптыр. Айрыкча Мурат Бегалиев агайыбыздыкы окшошуптур. Ал эми Гүлзада Рыскулованыкы оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнүптүр”,- деди.

Белгилей кетсек, көргөзмө 15-октябрга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
12.12.12
2014-10-03 21:46:51
Доо шаа устаттарыбыз жок да кечеги чыккан бок мурундар турат го.
+2
prenses
2014-10-04 01:03:27
12.12.12, :)))))))))
-1
akzuura
2014-10-04 13:33:38
12.12.12, owol bokmurundar senin uul kyz neberelerine murunku adam bolotda!
+1
zezim2000
2014-10-04 11:07:30
%))))))))))))))))
-1
tebessum
2014-10-04 11:20:26
Kyrgyzstandyn atagyn alyska taanytkan talanttuu chygaan insandarybyz az negedir.
+1
naaazka
2014-10-04 12:10:02
nena unchukpaile koiboptur okwowpoi kalypmyn dep.meenet kylywkandan kiyin
+1
aliaman
2014-10-04 23:56:26
астахфируллах
-1
MARGO55
2014-10-05 13:21:06
Асеманы семиз корсотуп коюптур суроту,ал Эми Ненанын озуно Караганда суроту сулуу чыгыптыр))),Кумондор бакенин суроту болсо"точно в точ"болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан