Ажылык сапарда жүргөн 79 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду

Сауд Арабиясында ажылык сапарда жүргөн 79 жаштагы кыргызстандык Жамилия Апазова каза болду. Бул тууралуу муфтияттын өкүлү Марат ажы Усупов бүгүн, 3-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, зыярат учурунда каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну.

Буга чейин ооруп жүргөн экен. Зыярат учурунда оорусу күчөп кетип көз жумуптур. Баласы менен келини жанында болгон. Эки күн мурун Кыргызстандагы жакын туугандарынын да уруксатын алып, сөөгү Мекке шаарында жерге берилди”,- деди Усупов.     

Айта кетсек, бул жылы ажылык сапарга 3685 кыргызстандык кеткен. Зыяратчылар 11-октябрдан тартып кайтып келишет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Biinura
2014-10-03 18:48:09
Жайы жаннаттан болсун.
+4
Ganibal87
2014-10-03 18:57:55
Аллахым жанатынан насип еткин
+3
NARYN...777
2014-10-04 00:36:11
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
zulik_julik.kg
2014-10-04 01:42:43
аллахым жайын жанаттан кылсын
+1
Sharipa-asia
2014-10-04 02:09:54
Жайы жаннаттан болсун, ажылыгы кабыл болсун!
+1
aitowa11
2014-10-05 00:20:09
Бизге да ажылык сапар насип кылсын
0
Suke93
2014-10-05 11:27:35
Аллахам куноосун женилдете кор.
0
temirov76
2014-10-05 13:00:50
АЛЛАХ жайын жаннаттан кылып ажылыгын кабыл кылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан