Жылнаама, 4-октябрь: Мындан 14 жыл мурун Ош шаары республиканын түштүк борбору деп таанылган

* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Ош шаарынын макамы белгиленген. Жарлыкка ылайык, Ош шаары республиканын түштүк борбору деп таанылып, шаарда президенттин түштүк резиденциясы орун алган.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Украинадагы Херсонск облусунун Крестовка айылында 1930-жылдары репрессияланган кыргызстандыктарга арналган эстеликтин ачылышы болгон. Иш-чарага КРнын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Чыналиев, Херсонск облусунун башчысынын орун басары Михаил Мельник жана башкалар катышкан. Эстелик ташка кыргыз, украин тилдеринде “Ак кепинге көмүлбөгөн, белгисиз маркумдар... Бул жерде 20-кылымдын 1930-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөгү жатат” деп жазылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Венгриянын Айка шаарындагы алюминий чыгаруучу ири заводдо жарылуу болуп, уулуу калдыктар сакталган резервуар талкаланган. 1,1 миллион метр куб уулуу зат агып чыгып, 3 облустун аймагын каптаган. 10 киши каза таап, 140тан ашуун адам жабыр тарткан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Орусиянын депутаттары педофилдерди жазага тартууну катуулатуу тууралуу мыйзамды кабыл алышкан. Анда 14 жашка чейинки балдарды зордуктаган педофилдер өмүр бою түрмөгө камалышы мүмкүн болгон. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
4-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан