
* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы кыргызстандыктар республиканын борборунда Советтер Союзунун үчүнчү космонавты
Андриян Николаевди салтанаттуу тосуп алышкан. Ал убакта СССРден чыккан космонавттардын саны алтыга жетип, А.Николаев убагында Фрунзеге жакын жерде жайгашкан аскер авиациясында кызмат өтөгөн. “Спартак” стадионундагы жолугушууга он миңдей адам катышып, космонавт пионер уюмуна салтанат менен кабыл алынып, ага таза кандуу аргымак тартуу кылынган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү кыргыз-кытай чек арасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жыйынтыгында Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылган. Миңге жакын адам жашаган айыл барууга кыйынчылык туудурган тоолуу аймакта, райондун борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөдөн 75 адам каза болгон. Мунун 73ү кырсык болгон жерде көз жумса, экөө ооруканадан кайтыш болгон. Каза болгондордун 39у аял, 36сы эркек, алардын ичинен 41и мектеп жашындагы балдар болушкан. Нура айылындагы 135 турак үйү толугу менен талкаланып калган. Фин стилинде жыгачтан салынган 5 жыгач турак жай гана жер титирөөгө туруштук бере алган. Көп батирлүү барак тибиндеги үй, фельдшер-акушердик пункт, клуб жана китепкана толугу менен кулабаса да, керектен чыгып калган. Ал эми айылдык мектеп канааттандырарлык абалда болгон. КРнын Президентинин указы менен 7-октябрь өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.

* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы тажик президенти
Эмомали Рахмон Тажикстандагы Дангара кыштагында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, Коргон-Төбөдөгү май куюучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп, төртүнчү жолу президенттик орунду ээлеген. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан “ов” мүчөсүн алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Президенттик кызматка келгенде “Тажикстанда дин саясаттын тышында болот” деп билдирген.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү
Стив Жобс 56 жаш курагында уйку безиндеги рактын айынан көз жумган. Ал өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.