
* Мындан 119 жыл мурун, 1895-жылы чыгыш таануучулар менен дүйнөлүк илим коомчулугу Токмокко жакын жайгашкан Бурана эстелиги туурасында маалымат алышкан. Лондон шаарында орто кылым автору Мухаммед Хайдердин “Тарихи Рашиди” кол жазмасы жарык көрүп, анда айтылган Бурана мунарасы туурасындагы маалымат жана комментарийде келтирилген илимпоздордун пикири Пишпек уездинде орун алган эстелик жөнүндө кабар топтоого мүмкүнчүлүк берген.
* Мындан 66 жыл мурун, 1948-жылы Ашхабадда күчү 9-10 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Ашхабаддагы курулуштардын 90-98 пайызы ураган. Жер титирөөнүн кесепетинен 176 миң кишинин өмүрү кыйылып, 8 миңден ашык ата-энесиз калган балдар чет өлкөлөргө эвакуацияланган.

* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Санкт-Петербургда "Юбилейный" атындагы спорт сарайындагы концерт учурунда советтик рок-музыкант, ырчы, акын, актёр
Игорь Тальков өлтүрүлгөн.
Көптөгөн ырчылардын катышуусунда өтүп жаткан ал концертте советтик жана өзбекстандык ырчы Азизанын продюсери Игорь Малахов менен Игорь Тальковдун ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Игорь Малахов ок атуучу курал менен эки жолу атып, бирок ок жерге тийген. Игорь Тальковдун коопсуздук кызматкерлери Игорь Малаховду токтотууга аракет кылышып, ал убакта курал жерге түшүп кеткен. Бир аз убакыттын ичинде дагы бир ок атылып, ал Игорь Тальковдун жүрөгүнө тийип, ырчы каза болгон.