Ош шаардык мэриясы мыкты жетишкендиги үчүн "Алай" футболдук командасын сыйлады

Ош шаардык мэриясы Кыргызстандын чемпиондугунда мыкты ийгилик жараткандыгы үчүн "Алай" футболдук командасын сыйлады. Иш-чара 25-январда болуп, Кыргызстандын Футбол лигасынын президенти Дастан Конокбаев футболчуларга коло медаль тапшырды. Медаль командадагы бардык оюнчуларга, аталган клубдун жетекчиси Нурдин Сматовго, машыктуруучуга жана ардагер оюнчуларга тапшырылды. Ош шаардык мэриясы билдиргендей, мэрия "Алай" футболдук командасы үчүн жыл сайын каражат бөлөт. 2010-жылы 2миллион сом, 2011-жылы 6,5 миллион, 2012-жылы 9 миллион сом бөлүп берген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан