Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта Курман айт намазы окулду. Ага парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жана борбор шаардын мэри Кубанычбек Кулматов катышып, кыргызстандыктарды бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттукташты. Намазга жыгылуу 08:00дө башталды. Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов намазды жамгыр жааганына байланыштуу жарым саатка эрте баштады. Аянтка жалпы 20 миңден ашуун киши чогулду.