Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 3-октябрда райондогу жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларын жана мугалимдерин сыйлады. Аларга Ардак грамоталар жана баалуу белектер берилгенин мэрия кабарлады. Ушул эле күнү "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата район аймагындагы китепканалардын башчылары да сыйланышты.