Бүгүн, 26-январда өкмөт үйүндө министрликтер менен ведомстволордун басма сөз кызматынын жетекчилери үчүн семинар өткөрүлөт. Семинардын биринчи баскычында басма сөз кызматынын жетекчилери жаңы медианын тарыхы, кайтарым байланыштын ыкмалары, журналистикада кантип акча жасаса боло тургандыгы жана жаңы ММКдагы журналисттердин жаңы ролу менен тааныша алышат.