Ош шаарынын тургунунан 2000 доллар талап кылуу кылмышына шектелип 2 аял кармалды

Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылык жана пара талап кылуу кылмышына шектүүлөрдү кармашты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Ош шаарынын тургуну кайрылып, чала тааныш адам пара талап кылып жатканын айткан. Териштирүүдө 1964-жылы туулган Т.А. жана 1965-жылы туулган К.Г. аттуу айымдар арыздануучудан 2000 доллар талап кылганы аныкталды. Аталган жарандар Ош окуясынан жабыркагандар катары бир нече жаранга көп кабаттуу үйдөн батирлерди беришкен. Бүгүнкү күндө көрсөткөн кызматтары үчүн ар кандай шылтоолор менен акча талап кылып жатышканы белгилүү болду. Арыздануучудан алар көп жолу акча талап кылышып, бир жолу автоунаасын алып кетишкен. Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
STARS-BOYS88
2014-10-05 19:03:03
Айтканды кылыш керек да,эптеп квартираны алгыча берем-берем деп анан,алгандан кийин кайдан кордум кара эшек,жолдон кордум жоору эшек кылбай.Алар жардам бербегенде квартирасы жок эле журмок сандалып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан