Нарын. Нарын шаарынын 1500дөй тургуну бажы маселесин көтөрүп пикетке чыгышты

Нарын шаарынын кире беришинде жайгашкан убактылуу сактоочу кампанын “Кербен” терминалынын Ысык-Көл облусуна көчүрүлүп кетиши ал жерде иштеген ишкерлерди тынчсыздандырууда. Бүгүн, 26-январда саат 11:00дө 1500дөй Нарын шаарынын жашоочулары “Нарын бажысы өзүнчө бөлүнсүн, “Кербен” терминалы Нарында калсын. Ысык-Көлгө алып кетүүгө негиз жок!” деген баракчаларды көтөрүп митингге чыгышты. Митингдин катышуучулары негизги коюлган 3 талапка өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жооп беришин талап кылышты. Өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, жана Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов айтылган талапты жогору жакка жеткирүүгө сөз берип, аталган терминалдын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Чогулган эл саат 13:00дө тартип бузууларсыз тарап кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан