Москвадагы Курман айт намазына 100 миңдей адам катышканы айтылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-октябрда Орусиянын борбору Москва шаарында Курман айт намазы окулду. Намаз окуу үчүн "Тынчтык проспекти" станциясына жакын жердеги аянтка 100 миңге жакын адам чогулду. Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, намазга жыгылуу жергиликтүү убакыт менен 09:00дө башталды. Чогулгандарды полиция кызматкерлери жерден жана тик учак менен абадан көзөмөлдөп турушту. Ошондой эле Айт намаз калаанын башка аймактарындагы мечиттерде окулду. Метронун айрым станциялары саат 11:00гө чейин жабылып турду. 

Эскерте кетсек, өткөн жылы аталган жерге намаз окуу үчүн 150 миңден ашуун киши жыйналганы айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kg_boy91.91
2014-10-04 17:49:44
Алхамдулиллах биз да Екатеринбург та окудук
+3
josholu
2014-10-04 18:44:30
Полициялардын журогу тушуп калса керек
+1
Almazbek79
2014-10-04 19:48:54
АЛЛА Ыраазы болсун
+5
buhaw.93
2014-10-04 19:50:19
Маша Аллах
+2
Desmond
2014-10-04 20:29:10
Аллахка шугур
+3
KUMU89
2014-10-04 20:44:08
Ait maarek bolsun! Keche ele oshol jerde jurdumle.
+1
Multicam
2014-10-04 20:49:34
Курбан айт деген туура болот, курман айт эмес.
+1
aidai89
2014-10-04 21:00:58
жакшы корунуш болуптур
+1
Гулжигит
2014-10-04 21:26:18
Маш аллах дебей эле кудай колдосун деп койгула да!
+1
Dadasdasd
2014-10-04 22:19:55
Гулжигит, Машаллахтын мааниси < Аллахтын каалоосу болду> деген өткөн чакта болгон жакшы ишке айтылат.
0
Suke93
2014-10-05 11:07:46
Гулжигит, сенин бир нерсен кемип калдыбы..
0
Naimanka-kg
2014-10-04 23:41:50
Окуганда жузуно жылмаюу тартуулаган жанылык экен. Ылайым мусулмандардын саны коооп болсун!
+3
Jypargul
2014-10-05 00:06:01
Аллах ыраазы болсун .......
+2
mega.argen
2014-10-05 02:53:28
Эл коп болду чынында жамгыр жаайн деп себелеп турду
0
rabia
2014-10-05 05:37:26
намазынар кабыл болсун мекендештер
0
Aikoo2014
2014-10-05 12:55:55
Намаздары кабыл болсун, Омон дорду жаман коргон менен, ошолор кылдаттык менен тынчтыкты козомолдоп турушту. Орус кемпирлер сыймыктануу менен карашып, эркек балдар кандай соонун сыйынып олтурушту деп. Ооба башка метролордо да мечиттер ачылып ошол жактаргада адамдар болунуп кетишиптир, быйылкы жылы азыраак болду дешетго.
+1
basyz-kaman.
2014-10-05 19:31:41
Аллах ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан