Режиссёр Садык Шер-Нияз тартып жаткан «Курманжан Датка» тасмасынын үзүндүсүн көрүп президент Алмазбек Атамбаев тасманын тартылышына материалдык жардам көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди. Президент тасманын тартылышына акча бөлүп бергенден сырткары кино тартылып жаткан учурда барып көрүп келе турганын да билдирди. Эскерте кетсек, “Курманжан Датка” тарыхый, толук метраждуу көркөм тасмасы былтыр өкмөттүн токтомуна ылайык тартыла баштаган. Аба ырайынын ыңгайсыздыгы жана бюджеттин тартыштыгына байланыштуу тасманы тартуу иши токтотулган. Эми тасманын калган 50 пайызы ушул жазда тартыла тургандыгы маалым болду.