Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкери "министрликтин мүлкүн өзүнө ыйгарып алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, ӨКМнын материалдык жактан жооптуу кызматкери болгон жаран министрликтин балансында турган мүлктү өзүнө ыйгарып алган. Мунун айынан министрлик 423 миң сом зыян тарткан. Учурда аталган факты боюнча "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жоготуп алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.