Бишкек-Торугарт жолунда мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан бүгүн, 6-октябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Бишкек-Торугарт жолунун 226-чакырымында Мерседес унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жол жээгиндеги даракты сүзүп алган. Унаада 3 адам болгон. Алардын экөө жараат алышкандыктан, дарыгерлер "Тез жардам" менен алып кетишкен. Жол кырсыгынын себебин иликтөөдө айдоочу мас абалында болгондугу аныкталды.