2013-жылдын февралында өтө турган облустук Олимпиадага катышууга Нарын району боюнча 30 окуучу жолдомо алышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти. Облустук Олимпиада 28-февралда Нарын шаарындагы “Себат” кыргыз-түрк балдар лицейинде өткөрүлөт. Ал эми облустук Олимпиададан жеңип чыккан окуучулар республикалык Олимпиадага катышууга жолдомо алышмакчы.