Бүгүн, 26-январда төрага Асылбек Жээнбеков Австралия парламентинин жетекчилигин – Сенат төрагасы Жон Хогду жана Өкүлчүлүк Палатасынын төрайымы Анна Буркени Австралия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй:
“Сиздерди улуттук майрамыңыздар болгон Австралия күнү менен чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиздер. Эки өлкө жана эки элдин достугу үчүн Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы парламенттер аралык эки тараптуу мамилелердин мындан ары дагы бекемделишине үмүт артарымды билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт, өз өлкөңүздөрдүн жыргалчылыгына багытталган иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди, ал эми Австралия элине тынчтыкты каалайм”.