Кыргызстандык окумуштуулар Орусиянын Уфа шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жаштар инновациялык форумуна катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда аталган форумдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада 5 кыргызстандык окумуштуу медицина, айыл чарба, физика тармактарындагы өз эмгектерин көрсөтүшөт. Алар: Сыдык уулу Нурбек, Максат Нарымбетов, Азима Жайлообаева, Аманбек Алтыбаев жана Руслан Акпаралиев.
Айта кетсек, Жаштар инновациялык форуму ушул жылдын 7-10-октябрь күндөрү Орусиянын Уфа шаарында өтөт. Анда 100гө жакын Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын жаш окумуштуулары катышмакчы. Буга чейин бул форум Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн.