Өзбекстан Республикасында мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүүчү Чек ара посбонлари (чек аранын күзөтчүлөрү) кызматы пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзбекстандын өкмөтүнө шилтеме берүү менен өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган кызмат Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетине кошумча күч катары саналат. Мындан тышкары ал бул комитетке практикалык жардам көрсөтүү максатында түзүлүүдө. Өзбекстандын өкмөтү бекиткен документте Чек ара посбонлари кызматынын негизги милдеттери жазылган.
Айта кетсек, Өзбекстан 5 мамлекет менен чектешет. Алар: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан. Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1099 чакырымга барабар.