Бишкекте мас абалында жарандардын тынчын алган милиционер айым боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө

Бишкекте мас абалында жарандардын тынчын алган милиционер айым боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 11-кичи райондогу үйлөрдүн бириндеги батирди ижарага алып жашаган Х.В. аттуу жаран милицияга кайрылып, үйүнө мас абалындагы айым жана 2 эркек кирүүгө аракеттенип ызы-чуу чыгарып, 10 миң АКШ доллар карызын беришин талап кылып жатышканын кабарлаган. Аталган дарек менен милиция кызматкерлери барышып, чыр салып жаткан айымды жана анын жанындагы 2 жаранды наркологиялык борборго алып келишкен. Ал жерден айымдын мас экендиги аныкталган. Бирок ал өзүнүн атын эмес, башка эле ысымды айтып койгон. Кийин иликтөөдө аталган айым Н.Рузиева аттуу милициянын майору экендиги аныкталган. Чынында эле Н.Рузиеванын апасына П.В. аттуу адам карыз болгон. Бирок ал башка жакка көчүп кетип, анын жашаган жеринде жогоруда милицияга кайрылган Х.В. жашап жаткандыгы аныкталган. Н.Рузиева жумуштан кийинки мезгилде жогорудагы окуяга кабылган.   

Милициянын майору болгон Н.Рузиеванын кандай жоопкерчилик тартары кызматтык иликтөөнүн аякташы менен белгилүү болору маалымдалды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zman53
2014-10-06 13:59:41
Милицияда иштегендерде тарбия деген жок,чинди болсо каалагандай бере беришет.Кочодо баскан менттерди карасак,майор подполполник полковник.Баарыныкы сырты жалтырак да,ичтери калтырак.Катуу жасаласа,мумкун башка кайталанбайт.
0
orun
2014-10-06 15:00:16
zman53, мүмкүн карга карганын көзүн чукубайт...
+1
Frunze1
2014-10-06 14:35:36
Карызы, доосун ондургусу келсе мыйзам жолунда иш тутпайбы, озу мыйзамдын тартипчиси экен... Видеосун коруп да милициян ушул болсо тукурдум деп айткын бар... Озун милиция кызматкериндей эмес рекеттей тутат... Мындай милиция кызматкерлерин кызматынан, наамдары, майордук даражасынан ажыратып 1-2 жылга абакка кессе туура болот... Озуно да, башкаларга да сабак болот...
0
graffbatkensky
2014-10-07 00:01:14
После работы можно!!!
0
Biinura
2014-10-07 01:18:38
Госпожа Рузиева расслабиться решила))).
0
temirov76
2014-10-07 08:19:11
Жоопко тартылат деген жомок болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан