Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат

Бишкекте №1-төрөт үйүнүн дарыгерлеринин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай каза болгон факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 6-октябрда кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, милицияга 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Өз арызында аталган жаран кош бойлуу аялынын төрөтү башталганда №1-төрөт үйүнө алып баргандыгын, ал жактан дарыгерлер төрөт үйүндө орун жок экендигин айтышып, кабыл албай коюшкандыгын маалымдаган. Кийин аялын №2-төрөт үйүнө алып барганда дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүшкөн. Тилекке каршы, ымыркай каза болуп калган. Арыздануучу №1-төрөт үйүнүн дарыгерлерин күнөөлүү деп жатат. Анткени №2-төрөт үйүнө алып барганда курсактагы бала кыйналып калган.  

Учурда аталган факт боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечими чыгары белгилүү болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadin1
2014-10-06 16:48:06
Ой-тообо толгоосукелип торойун деп калган келинди торотуп эле койушса болмок,оорун жок деп тескери карап басып кетишпей.Ушул кылгандары учун да жоопко тартыш керек бул медиктерди,Гипократтын антын унутушту,баары Акчакраттын созун суйлоп калышкан уяты жоктор.Адамкерчилик деген нерсе калбады озу доктурларда.
+2
Biinura
2014-10-07 01:15:23
Кол ийрисине тартат. Врачтардын куноосу жок болуп чыгат аягында))).
0
Manasemetei
2014-10-07 03:53:08
karap koiso bolmok owol medikter ozdoru dele enego kimdir biroo u4un.bizde na4ar karaitda menin kelin4egim rossiada torodu.bir sonun karait.torolgondon kiiinda kundo uigo kelip karap ketip turdu ozdoru uirotup ne kylgandy.azyrga 4eiin beker karait balabyzdy .privivkalaryda beker.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан