Кызыл-Кыяда жергиликтүү тургун көмүр шахтасына түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-октябрь күнү саат 09:40 чамасында Жинжиген айылында болгон. Анда 1975-жылы туулган Шермырза Калматов 50 метрлик көмүр казылган чуңкурга түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, Шермырза Калматовдун жансыз денесин чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.