Биз социалдык тармакта

Президент Алмазбек Атамбаев аялдардын никеге туруу эркиндигин коргоого багытталган мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Анда адамдарды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү максатында ала качкандыгы үчүн, ошондой эле аялды анын эркине каршы никеге туруу максатында ала качуу үчүн кылмыш-жазасын күчөтүү аркылуу он жети жашка толо элек адамдардын укугун, аялдардын никеге туруу эркиндигин коргоону күчөтүүгө багытталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан