
* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы “Легендарлуу генерал” атка конгон КРнын туңгуч генерал-майору
Эргеш Алиев каза болгон. Ал 1905-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Эргеш Алиев Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири болгон.

* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы Орусиянын президенти
Владимир Путин Ленинградда төрөлгөн. 1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы СССРдин Улуттук коопсуздук кызматына кирген. 1999-жылы 31-декабрда Орусиянын президенти Борис Ельцин калкка жаңы жылдык кайрылуусунда кызматынан чегингенин жана өз ордуна Владимир Путинди дайындаганын билдирген. 2000-жылы 26-мартта Путин 53 пайыз добуш менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Ал эми ошол эле жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө ишке киришкен.

* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Чеченстан, Ингушетия жана Дагестандагы согуштарда жүрүп кабарчылык кызматты аркалаган орусиялык журналист
Анна Политковская Москвадагы үйүнүн алдында буйрутма өлтүрүүнүн негизинде октон көз жумган. "Журналист орус өкмөтүнүн саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деген пикирлер айтылган. Орусиянын медиасы "Политковская Кремлдин Чеченстандагы саясатын сындагандыгы үчүн өлтүрүлдү" деп ырастап келген. Анна Политковская орусиялык аскерлердин кишилерди барымтага алып, кыйноого катышкандыгын ырастаган далилдерди топтоо менен алектенген, ага катышы бар айрымдарынын аттарын ачык жарыялаган. "Журналистти өлтүрүүнү уюштурган жана аткарган" деп чечен тектүү Рустам Махмудов менен анын эки агасы Ибрагим жана Жабраил, алардын тууганы Лом-Али Гайтукаев, Москва шаардык полициясынын мурдагы кызматкери Сергей Хаджикурбанов кармалган.