Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Талас шаарында белгисиз адам Мерседес-Бенц 220 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 34 жаштагы тургуну кармалган. Анын буга чейин төрт жолу сот жообуна тартылганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан