Нарындагы “Суу-канал” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызмат адамдары кош бухгалтерия аркылуу 202 миң сомдон ашык акча каражатын өздөрүнө чегерип алышкан. Мунун кесепетинен ишкана олуттуу зыян тарткан. Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “шалаакылык”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.