Токтогул районунда чагылган түшүп, 52 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 6-октябрь күнү саат 18:00 чамасында аталган райондун Ичке-Сай айыл аймагында Шаршен Темирбековдун үйүнө чагылган түшкөн. Анын кесепетинен 1962-жылы туулган Базира Жумабаева аттуу коңшусу каза тапкан.