Бишкектеги Эркин экономикалык аймагына караштуу мекеменин салыкты төлөөдөн качып жүргөнү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги Эркин экономикалык аймагына караштуу мекеменин салыкты төлөөдөн качып жүргөнү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймакка караштуу мекемелердин бири салыкты төлөбөй качуу үчүн чыгарган продукциясынын чыныгы баасын төмөндөтүп койгон. Салыктан четтөөнүн айынан 12 миллион сом төлөнбөгөндүгү ачыкталды. Учурда аталган факты боюнча "чарба жүргүзүүчү     субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын

төлөөдөн четтөөсү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан