Бишкек шаарында зордуктоо фактысына шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Д.Айдай аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 10-кичи райондо белгисиз адам күч колдонуп, аны зордуктап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун 23 жаштагы Д.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.