Бишкекте 5 жаштагы Айбек уулу Абдусалам изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 7-октябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, 2009-жылы туулган Айбек уулу Абдусалам Павлов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен атасын ээрчип келе жатып белгисиз себептерден улам жоголуп кеткен.
Анын бою 105-110 сантиметр, чачы кара, өзү кара тору болгон. Ылдыйкы ээгинде маңдайкы бир тиши жок. Ошол күнү көк жилет, көк свитер, кызыл спорттук шым, көк бут кийим кийип жүргөн. Айбек Абдусалам уулу тууралуу көргөн-билгендер болсо, укук коргоо органдары төмөнкү телефондорго кайрылып коюуну өтүнүшөт: (0312) 43-71-75, (0312) 48-64-23.