Токтогул районунун тургуну мас абалында 4 жаранды бычактап салганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган окуя боюнча “ээн баштык” жана “адам өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, буга чейин Токтогул районунун 1988-жылы туулган Ш.Ж. аттуу тургуну наристелүү болгонун 4 таанышы менен майрамдап отуруп, ич ара уруштан улам баарын бычактап салганы айтылган эле.