Бишкекте милиция кызматкерин сабаган кытай жарандары 2 айга камакка алынышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 7-октябрда билдирди.
Анын айтымында, “милиция кызматкерин сабаган” деп шектелип 16 кытай жараны кармалган. Учурда алардын 10ну №1-СИЗОдо камакта. Калгандарына административдик чара колдонулуп, чыгарылган. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган.
“Бул факты боюнча “ээн баштык”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деди Бакыт Сейитов.
Айта кетсек, буга чейин 16 кытай жараны аймактык милиция кызматкерин сабап салышканы айтылган эле.