Бишкекте “Чыгыш электр” ишканасынын жетекчилиги 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарып, бир катар жооптуу кызматкерлерин кызматтан четтетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгын чыгарууда аткарган иштери боюнча бул жооптуу кызматкерлердин отчёту угулган жана бир топ кемчиликтер айтылган. Жыйынтыгында милдетин толук кандуу аткарбаган жооптуу кызматкерлерге карата чара көрүлүп, алар кызматынан кол жуушту.