Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы отуруму 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган кеңештин жыйынынын жүрүшүндө президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев жарыялады.
Анын айтымында, мындай жылдыруунун себеби - бардык сунушталган мыйзам долбоорлор менен толук таанышууга убакыт берүү. “Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин 3-отурумунун жүрүшүндө бир нече мыйзам долбоорлор сунушталган. Алардын бардыгы боюнча бир нече суроолор пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан мөөнөттү узартуу боюнча чечимге келдик”,- деп түшүндүрдү Нарымбаев.
Айта кетсек, буга чейин Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы отуруму 14-октябрга белгиленген.