Жогорку Соттун төрайымы: “Эгер сот адилетсиз чечим чыгарса, коомчулук тарабынан нааразычылык өсүп, терс жагдайларга алып келиши мүмкүн”

Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин отуруму өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева: “Эгер сот адилетсиз чечимдерди кабыл алса, коомчулук тарабынан нааразычылык өсүп, мындай көрүнүш терс нерселерге алып келиши мүмкүн”,- деди.

Анын айтымында, бүгүн аталган кеңеш тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору германиялык, америкалык тажрыйбанын негизинде иштелип чыккан. “Ушул мыйзам долбоорлору кабыл алынса, биз алар менен иштешүүгө аргасыз болобуз. Бирок алар өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына негизделип, Кыргызстандын укуктук маданияты жана тартиби эске алынган эмес. Бишкектеги жарандар сот системин түшүнсө да, аймактардагы коомчулук али толугу менен аны түшүнбөйт. Эгер судьялар бүгүн сунушталган мыйзамдарга таянып, бирок адилетсиз чечимдерди чыгара берсе, мындан улам терс жагдайлар орун алышы мүмкүн”,- деди Жамашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin1
2014-10-07 14:53:12
Адилетсиз чечимдерди чыгарып эле келе жатышатко соттор.Эптеп эле акча жемей практикасына отуп кеттинерго.Айылга барып мыйзам жонундо бир 15 минут суйлошуп келинизчи Феруза айым,сизден да мыкты билишет мыйзамдарды.Аймактагы калк да азыр грамотный болуп калган билгиниз келсе.
+1
raya2
2014-10-07 15:09:13
Сотко ишин тушсо дароо акча сурайт ачык эле.качан адилет чечим чыгат.карапайм калкка чыгат.адилет экен кана иса омуркулов.актап бошотуп жибердинерго.ага карвганда тулеев жакшы иштеген..башканы мисал кылбай эле коёюн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан